Жаңылыктар
КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 74 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 74 жылдыгы белгиленди

Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 74 жылдыгына байланышкан салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарында өттү. Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, министрлер, мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери, эл аралык дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кытай диаспорасы, ишкерлер жана маданият менен искусствонун таанымал адамдары, журналисттер катышты. 

Элчи айымдын айтымында, Кытайдын статистикалык маалыматына ылайык быйыл январь-август айларындагы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 12 млрд доллардан ашты. Кытай Кыргызстан үчүн ар дайым ири өнөктөш, ири инвестор, ири импорттоочу деген статусту кармап келе жатат. Иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун куттуктоо созүн салтанатта Президенттик администрациянын өкүл Муратбек Азимбакиев окуп берди.