Жаңылыктар
Өкмөттүн жаңы курамы бекиди
Саясат
Өкмөттүн жаңы курамы бекиди

 Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмүн бекитип, программасын колдоп берди. Ачык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында 112 депутат “макул” 4 депутат “каршы” деген добушун берди. 

Беш министрликтин жетекчилери жана төртүнчү Вице-премьер-министр алмашканы болбосо өкмөттүн жаңы курамы дээрлик өзгөрүүгө деле учураган жок. Болгону бул жолку министрлер кабинетинин курамынан парламенттин мурдагы жана азыркы депутаттарын, жаңы кадрларды да көрсө болот.

Социалдык блокту тейлөө милдети “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Чолпон Султанбековага жүктөлдү. Ал эми буга чейин бул кызматты ээлеп келген Гүлмира Кудайбердиева Билим берүү жана илим министрлигин жетектейт. Айыл, чарба тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация министри болуп мурдагы депутат Нурбек Мурашев бекитилди. Дагы бир депутат Таалайгүл Исакунова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп шайланды. Жамшитбек Калилов Унаа жана жол министри, ал эми Уран Ахметов Юстиция министри болуп бекиди. Ал эми Ички иштер министри Улан Исраилов болду.



Дал ушул Улан Исраиловго талкуу маалында депутаттар тарабынан көп суроо узатылды. Ал ага чейин мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жетектеген. Улан Исраилов уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүү, жол кырсыктарын кыскартуу, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү, терррорчулук коркунучтарына каршы чараларды көрүү жана башталган реформаны улантуу иштери аткарылаарын айтты.

Вице-премьерлердин саны көп болгону менен ишинен анчалык натыйжа деле чыкпайт деген депутаттар мүмкүн кыскартууга бараарыбыз туура болот деген ойдо болушту. Сооронбай Жээнбеков келечекте өкмөттүн ичиндеги бири-бирин кайталаган мекемелер жоюуларын белгиледи. Ошол эле учурда ал айрым министрлерди алмаштыруунун себептерин жана жаңы талапкерлер кеңешкенден кийин сунушталганын ырастады.

“Ишеним жана биримдик” программасынын өзгөчөлүгү мурда башталган иштер улантылат. Бул жол салуу, энергетика боюнча улуттук долбоорлор, коррупция менен күрөш улантылат, ЕАЭБ алкагында кызматташтыкты арттыруу иштери күчөтүлүп, өлкөнүн экономикасын көтөрүү жумуштары ыкчамдатылат. Экономиканын бир бутагы бул - жолдорду салуу.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү тарабынан сын-пикирлер, сунуштар көп болду. Гүлмира Кудайбердиева болсо ириде балдарды мектепке даярдоо, өлкөдө мектептердин санын көбөйтүү сыяктуу маселелерди жолго коёрун айтаары менен депутаттар калаадагы № 61 физика-математикалык мектептин директору менен окуу бөлүмүнүн башчысын убактылуу жумуштан четтетүүнү сунуштады. Кудайбердиеванын айтуусунда мектепте болгон окуяны иликтөө боюнча атайын комисмия иштеп жатат, анын жыйынтыгы менен чара колдонулат. Сооронбай Жээнбеков да бул окуяны жеке көзөмөлүнө алаарын айтты.