Жаңылыктар
Кыргыз - Кытай Энергетика министрлери жолугушту
Айыл чарба
Кыргыз - Кытай Энергетика министрлери жолугушту

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай Эл Республикасынын Энергетика иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын директору Чжан Цзяньхуа мырза менен жолугушту.  

26-сентябрда Пекин шаарында КР Энергетика министри Т.Ибраев менен Кытай Эл Республикасынын Энергетика иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын директору Чжан Цзяньхуа мырзанын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасында гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу маселелери боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

 Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай тараптын кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы энергетика жаатында тыгыз кызматташууга үмүт артаарын билдирди. 

Пекин шаарында КР энеретика министри Т.Ибраев Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууга катышты.

 Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан гидроэлектростанцияларды жана кичи ГЭСтерди, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу жаатындагы келечектүү долбоорлор боюнча баяндама жасады. 

 Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө энергетика министри Таалайбек Ибраев иш-чараны уюштургандыгы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкер мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүү экендигин белгиледи. 

«China National Electric Engineering Company»  кытай компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраев "China National Electric Engineering Company" кытай компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.