Жаңылыктар
Курулуштан кулагандар көбөйдү
Кырсык
Курулуштан кулагандар көбөйдү

Кыргызстанда жылына өндүрүш процессиндеги 200дөй кырсык катталат. Албетте, бул расмий гана маалымат, чынында канча адам иш убагында кырсыктаганы жаап-жашырылып келет. Борбор калаадагы курулушта каза болгондор жөнүндө жаңылыктар бүгүнкү күндө көнүмүш адатка айланып бараткандай. Буга бир жума мурда эле болгон курулуштагы кырсык мисал боло алат. 

Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу курулуш, “Бабек” деп аталган жоопкерчилиги чектелген уюмга тиешелүү. Бир нече күн мурда, ушул жерде иштеп жаткан курулушчулардын бири 8-кабаттан учуп кетип каза тапкан.



Кырсык болгон күнү имараттын ичинде 30 га жакын курулушчулар иштеп жатышкан. Дал ошол маалда цементтин аралашмасы келип калгандыктан, жумушчулардын жарымы имараттын түндүк бөлүгүндө жүрүшкөн. Ал эми калган жумушчулар 9-кабаттын дубалдарын шыбап жаткандыктан, каза болгон баланын кандайча 8-кабатта жүргөнү белгисиз бойдон калууда.
Окуя болоору менен экотехинспекцияга караштуу иликтөө жүргүзүү бөлүмү, атайын комиссия түзүп, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.  Окуянын эмне себептен болгону тууралуу иликтөө ишинин жыйынтыгы жалпысынан 15 күндүн аралыгында чыгат. Ал ортодо экотехинспекциясы акыркы 9 ай аралыгындагы курулуштагы коопсуздук боюнча иштердин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, кырсык эң көп катталган тармактардан курулуш тармагы алдыңкы орунда деп табылды.

Ушул тапта кыш мезгили кирип келатканына карабай, шаарда көптөгөн курулуш иштери жүрүп жатат. Мындай көрүнүш өлкө экономикасынын өсүп жаткандыгынан кабар бергени менен, коопсуздукту сактоо жаатында абал начар. Адистердин баамында, көпчүлүк курулуштар эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасына маани бербей, көңүлкош карап келүүдө.