Жаңылыктар
Ишеним телефону: ундун өздүк наркын жана дарегин билиӊиз
Айыл чарба
Ишеним телефону: ундун өздүк наркын жана дарегин билиӊиз

Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн бардык аймактарында өздүк наркы менен ун сатуучу жайлардын даректерин тактай ала турган ыкчам ишеним телефонун ишке киргизди.

Эртең мененки саат 10:00дөн 16:00гө чейин байланышууга болот. What’sApp номери: 0775777007. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда сатып алуучулар арасында эч кандай дүрбөлөӊ жок. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов белгилеп, 1-сорттогу ундун баасы туруктуу жана 1500 сомдон көтөрүлбөй турганын билдирди.