Жаңылыктар
Президент Оштогу ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Оштогу ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышына катышты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусунда болгон учурунда, Ош шаарындагы аскер шаарчасынын аймагына курулган дене тарбиясын жана ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышына катышты. Спорт комплекс “Газпром-балдарга” программасынын негизинде бардык заманбап талаптарга ылайык курулган. 

Жаңы ден соолукту чыңдоо борбору эми Ош шаарында да пайда болду. Ал шаардагы № 36806 аскер бөлүгүнүн аймагына курулган. Мында бир гана аскер кызматкерлеринин балдары эмес, калаадагы бардык каалаган өспүрүмдөр машыкса болот. Буга чейин спорт зал алыс болуп, көпчүлүк балдар спорт секцияларына барбай калышкан.
 
Комплексти курууга жер издөө көп убакытты талап кылган. Ушул жылдын февраль айында коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет ылайыктуу жайды таап, Газпром менен келишим түзгөн. Имаратты бир жылга жетпей куруп бүтүштү. Көлөмү боюнча спорт комплек Ысык-Көлдөгү жана Бишкектегиден бир аз кичирээк.


 
 Албетте спорт комплекс бир гана имараттан турбайт. Ичинде бардык коммуникациялар каралган, чакырым-чакырым болгон суу түтүктөрү, жарык берүүчү жабдыктар жана башка. Президент Алмазбек Атамбаев ден соолукту чыңдоо борборунун ичи менен таанышып чыгып, сапаттуу жасалган жумушу үчүн Газпром ишканасынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.
 
Ден соолукту чыңдоо борборунун курулушу буга чейин жасалган чоң жумуштардын уландысы десе болот. Бир жыл ичинде бул аймакта аскер кызматкерлери үчүн үй салынган. Бул өлкө башчы демилгелеген реформалардын негизги бир бөлүгү.

Өлкө башчы өз сөзүндө Конституциялык реформа боюнча маселеге да кыскача токтолду. Негизги максат бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын тең бөлүштүрүп, келечекте бийликти бир колго топтоого жол бербөө болуп жатат.

Ачылыш аземдин соңунда Алмазбек Атамбаев мында чогулган жашоочулар менен баарлашып, эстеликке сүрөткө түштү. Бул жаш өспүрүмдөрдүн бардыгы келечекте белгилүү спортчу, дүйнөну дүңгурөткөн чемпион болууну каалашат.