Жаңылыктар
Бишкектеги көптөн бери иштебей турган “Дельфин” бассейни ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги көптөн бери иштебей турган “Дельфин” бассейни ишке кирди

Бишкек шаарында көптөн бери иштебей турган “Дельфин” бассейни ремонттолуп ишке кирди. Мэриянын маалыматы боюнча толук оңдоодон өткөн “Дельфинди” калаа жетекчилиги текшерди. 

Жалпысынан ден соолукту чыңдоо борборун оңдоого 50 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. 

Комплексте сууда сүзүүдөн тышкары кардарлар аквааэробика менен дагы машыга алат. Эске сала кетсек, "Дельфин" деп аталган олимпиадалык резерв спорт мектеби 1957-жылы ачылган. Бирок акыркы 5 жылдан бери жабык турган. 10-ноябрдан тарта спорт комплекс шаар тургундарын жана меймандарын кабыл алууга даяр!