Жаңылыктар
Балдарды кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөрүңүз!
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарды кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөрүңүз!

Кыргызстанда 2023-жылдын башынан бери кызамык оорусунун 2316 учуру аныкталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына таянып Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Кызамык аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында жана бардык аймакта бар. "Оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөө менен балдарды жана чоңдорду камтуунун кыскарышы болуп саналат" - деп айтылат маалыматта. Кызамык вирусунун жүгүртүүсүн азайтуу, анын очогун локализациялоо жана андан ары жайылышын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги 18-сентябрдан башталып, 29-сентябрга чейин улана турган кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясын вирустун эң активдүү жүгүртүүсү жүрүп жаткан өлкөнүн аймактарында - бул Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын арасында, эмдөө статусуна же мурун кызамык жана кызылча ооруганына карабастан эмдөө жүргүзүлүүдө. Сегиз күндө кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө үчүн балдарды камтуу максаттуу топтун 55% түздү.