Жаңылыктар
Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна КРнын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги КРнын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.