Жаңылыктар
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында “мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. 

Алар абакта жаткан К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунунан физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу жолу менен 2500 АКШ долларын талап кылышкан. 26-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 210 миң сом акча каражатын алуу учурунда эки адам кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда атайын кызмат тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.