Жаңылыктар
АКШнын президенти болуп Дональд Трамп шайланды
Дүйнө
АКШнын президенти болуп Дональд Трамп шайланды

АКШ жарандары биригип, бир эл болушу керек! Бул тууралуу АКШнын 45-президенти болуп шайланган Дональд Трамп өзүнүн алгачкы кайрылуусунда билдирди. 

Миллиардер Дональд Трамп, "Мен бүткүл америкалыктардын президенти болом жана бул мен үчүн чоң жоопкерчилик! Мен элдин колдоосуна дагы ишенем жана баарыбыз бириккенде гана улуу өлкө боло алабыз!", деди.

Трамптын айтымында Хиллари Клинтон аны алгачкылардан болуп куттуктаган. Дональд Трамп дагы "абдан күчтүү шайлоо компаниясы" үчүн Клинтонду куттуктады. 

Республикалык партиядан талапкер 288 тандоочунун добушуна ээ болсо, демократ Хиллари Клинтон 215 добуш алган. Мыйзамга ылайык шайлоо эки тепкич менен өтөт. Башында жарандар бир гана президенттикке талапкер адамды эмес, өзү жашаган штаттагы абройлуу адамды аныктап тандашат. Кийинкисинде ошол тандалган адам президенттике ат салышкандардын кимисин тандай тургандыгын айтат. 

Штаттын чоң же чакандыгына карап, андай президентти тандоочу адамдардын саны дагы көп же аз болушу мүмкүн. Шайлоо күнү дал ошол штаттардагы тандоочу өкүлдөр президенттикке талапкерге добуш беришет. Негизи АКШнын ар бир жараны тандоочу боло алат. Көп учурда тандоочулар элге белгилүү адамдар болушат. Жалпысынан 50 штаттын ичинен 538 тандоочу шайланат.