Жаңылыктар
Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Күн мурун саат 13:30да Бишкек-Торугарт унаа жолунун 123-чакырымында Боом капчыгайынын кире беришинде Toyota Tundra жана Ford Galaxy үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

“Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда унаалар айып аянтчасына токтотулду. Инспекторлор жол кырсыгынын чоо-жайын тактоодо.