Парламент премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков башында турган КРнын өкмөтүнүн жаңы түзүмүн бекитип, программасын жактырды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин токтому кабыл алынды.
Буга чейин Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана көпчүлүк коалиция Өкмөттүн программасын, түзүмүн колдоого алган.
Парламенттин жалпы жыйынындагы талкуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү жаңы өкмөттүн курамы боюнча, ошондой эле экономика, айыл чарба, коопсуздук жана башка бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"
ФОТО: http://www.gov.kg