Жаңылыктар
ЕАЭБ аймагында товарларды маркалоо эрежелери бирдиктүү болот
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБ аймагында товарларды маркалоо эрежелери бирдиктүү болот

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринде дары-дармектерди, алкоголсуз суусундуктарды, жемиш ширелерин, ошондой эле телефондор менен ноутбуктарды маркировкалоодо бирдиктүү эреже киргизилерин билдирди.

"Макулдашуу аркылуу биримдиктин аймагында товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн шарт түзүлүп, ички рынокто ага жол бербөө мүмкүнчүлүгү пайда болот", — деп белгиледи ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев. Биримдиктеги өлкөлөр өзүнүн аймагында продукцияларды маркировкалоо тартибин качан киргизерин өз алдынча чечет. Бирок иш-чара башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен бул жөнүндө ЕЭКке кабарлашы керек.

Мындай жол менен ЕАЭБдин ар бир өлкөсүндө бирдиктүү маркировкадан өткөн башка өлкөнүн продукциясын таануу кепилденет. Бирок учурда кээ бир өлкөлөр аталган товарлардын айрымдарын бирдиктүү белгилөөдөн өткөрүүгө даяр эмес. Мисалы, дары-дармек боюнча Армения, алкоголсуз суусундуктар жана жемиш ширелери боюнча Казакстан, ал эми ноутбук жана телефондор боюнча Казакстан менен Кыргызстан даяр эместиги айтылган.