Жаңылыктар
Курттаган ундарды ким саткан?
Кыргызстан жаңылыктары
Курттаган ундарды ким саткан?

Материалдык резервдер фондунан  мөөнөтү  өтүп, жараксыз деп табылган ундардын  социалдык обьектилерге таратылып берип жаткандыгы далилденди. Бул тууралуу 9-ноябрда  парламенттик жыйында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, депутат Жыргалбек Турускуловго  жооп берип жатып билдирди. 

Премьер-министр учурда экономикалык  кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат бул ишти иликтөөгө алды деди. Белгилей  кетсек,  Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов мамлекеттик материалдык резерв фондундагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалыматтар чыгып жаткандыгын  айтып, фонд курттаган унун 16  сомдон сатып жаткандыгын жар салган. 

Маалыматтар такталды, эми курттаган ун  саткан  күнөөлүүлөрдү  жоопкерчиликке тартуу керек,-деп эсептейт  эл өкүлү. Деген менен материалдык  резервдер фондунун  төрагасы Жоомарт Жумабеков  эл өкүлүнүн айыптоосун  четке кагып, ундардын таза экендигин далилдеген фактылар бардыгын айтып келет.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"