Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Кара-Кеченин кышка даярдыгын текшерди
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Кара-Кеченин кышка даярдыгын текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл жана Нарын облустарына жасаган иш сапарында бир катар отун-энергетикалык объектилер менен таанышты. Акылбек Жапаров алгач, Балыкчы шаарындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын көмүрдү жүктөө жана түшүрүү пунктунун даярдыгын текшерди. Көмүр түшүрүү пункту алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине 100% даяр экендиги маалымдалды. Анда айтылгандай, көмүрдү жүктөө жана түшүрүү иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинин "Борбордук" участогуна барды. Акылбек Жапаров көмүр кенинде жүргүзүлүп жаткан казуу иштери менен таанышып, Энергетика министрлигине жана көмүр ишканасынын жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун айтуусунда, карьердеги жумуш оор, мезгилдүү кезек күтүүлөр көйгөй жаратып жатат жана мамлекеттик ишкананын рентабелдүүлүгүнүн төмөн болууда. Акылбек Жапаров бул абалды ийне-жибине чейин изилдеп, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун иштеп чыгууну тапшырды.