Жаңылыктар
Жумгал районундагы Шатман Садыбакасов атындагы мектептин кампасы тез арада курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгал районундагы Шатман Садыбакасов атындагы мектептин кампасы тез арада курулат

Жумгал районундагы Шатман Садыбакасов атындагы мектеп. Билим уясынын жаңы имараты 1-сентябрда пайдаланууга берилген. Ал от казаны менен салынганына карабай көмүр кампасы эске алынбай калган. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бул маселени көтөрүп, кабар коомчулукта талкууга алынган.

Мектептин директору Айжамал Карагулованын "Турмуш" басылмасына, кошумча долбоор жазылып, сентябрь айында 12 млн сомго тендер өткөн. Бирок ушул кезге чейин акча каражаты бөлүнбөй, курулуш иштери токтоп турганын айткан.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-сентябрда районго жасаган иш сапарында пландан сырткары бул мектепке барып, билим уясынын кышка даярдыгын текшерди.