Жаңылыктар
1-октябрь – Эл аралык карылар күнү
Кыргызстан жаңылыктары
 1-октябрь – Эл аралык карылар күнү

1-октябрь – Эл аралык карылар күнү. Майрамдын урматына Бишкектеги карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн "Үмүт" социалдык стационардык мекемесинде камкордукка алынгандарга майрамдык концерт уюштурулду. 

Бүгүнкү күндө стационардык мекемеде 212 адам жашайт. Мекеме мамлекеттик жана Бишкек шаарынын мэриясынын камсыздоосунда турат. Мекеменин жашоочулары үчүн атайын арт-терапия, ырдоо, шахмат, токуу жана башка көптөгөн ийримдер уюштурулган. 

Ошондой эле мекеме кызматкерлери карылар үчүн шаар сыртында байма-бай пикниктерди жана эс алууларды өткөрүп турушаарын белгиледи. Бүгүнкү концерттик программанын соңунда майрам ээлери үчүн өзгөчө майрамдык стол даярдалган.