Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстанда тоют 30% аз жыйналды
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл Кыргызстанда тоют 30% аз жыйналды

Быйыл Кыргызстанда климаттык өзгөрүүлөргө жана кургакчылыкка байланыштуу тоют 30 пайызга аз жыйналды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ведомство буга байланыштуу августта тоюттун бардык түрлөрүн сыртка сатууга чектөө киргизилгенин эскертти. Тоюттардын орточо баасы былтыркыга салыштырмалуу 20-25 пайызга кымбаттаган. Ошол эле учурда өлкөдө малдын саны жылдан жылга өсүүдө, бирок алардын асылдуулугу төмөн болуп жатканы белгиленди. Жаралган кырдаалга байланыштуу Айыл чарба министрлиги антикризистик чараларды сунуштады. 

Маалыматта айтылгандай, азыктуулугу төмөн малдар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жайыттар деградацияга учуроодо. Ошол себептен азыктуулугу төмөн малды экспортко чыгаруу менен ордун асыл тукум мал менен толуктоону, бааны турукташтыруу максатында тоюттун кошумча наркка салыгы боюнча бажы жана салык алымдарынан бошотуу токтом долбоорун иштеп чыгууну жана тоют бирдиктеринин жетишсиздигин эске алып, фермерлердин жайыттарды максималдуу пайдалануусу сунушталды. 

Ошондой эле быйыл айдалган 53,6 миң гектар буурчак өсүмдүктөрүнүн, 13,1 миң гектар кант кызылчанын тоютка жарактууларын 346 миң гектар көп жылдык чөптү, 113,3 миң гектар жүгөрү өсүмдүгүн резерв катары пайдалануу демилгеленди. 2023-жылдын сентябрь айына карата ыкчам маалыматтардын жыйынтыгы боюнча жалпы 3 миллиард 24,4 миллион тонна тоют даярдалган. Анын ичинен чөп 2 миллиард 488,5 миллион тонна, саман 624,3 миллион тонна, силос 88 миллион тонна.