Жаңылыктар
Баткенде жабыркагандарга жеңилдетилген тартипте 8,5 млрд сом насыя берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жабыркагандарга жеңилдетилген тартипте 8,5 млрд сом насыя берилди

Баткенде чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандар менен ишкерлерге жеңилдетилген тартипте 8,5 миллиард сом кредит берилди. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Аталган аймакта кредит алуучулар боюнча Улуттук банк эки токтомдун мөөнөтүн 2024-жылдын 30-мартына чейин узартып, бүгүнкүгө чейин берилген жардамдар тууралуу айтып берди. Токтомдордун мөөнөтү 30-сентябрда бүтмөк. 1-сентябрга карата финансы-кредит уюмдарына 514 карыз алуучу кайрылган. Анын ичинен 36,4 миллион сом суммадагы жалпы 378 кредит кечирилип, 324,3 миллион сомдук 230 насыя реструктуризацияланган.

Ал эми экинчи токтому менен банктарга кредит же кепилдик алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароону, ошондой эле кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгууну сунуштаган. Аны аткаруунун алкагында финансы-кредит уюмдары тарабынан жалпы 8 миллиард 486,7 миллион сом суммасында 76 369 насыя берилген. Муну жай тургундар да, ишкерлер да алганы белгиленди.