Жаңылыктар
Ошто кытайлык адистер 338 бейтаптын көзүнө операция жасады
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто кытайлык адистер 338 бейтаптын көзүнө операция жасады

Ош шаарында кытайлык адистер катаракта менен ооруган 300дөн ашык бейтаптын көзүнө ийгиликтүү операция жасады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. "Экспресс ден соолук — жаркын саякат" долбоору менен келген дарыгерлер 18-29-сентябрь күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундарын тейлеген.

Анын алкагында 338 бейтапка катаракта боюнча бекер операция жасалып, 100гө жакын адам текшерүүдөн өтүп, кеп-кеңештерди алышкан. Аталган долбоордун алкагында буга чейин Бишкекте дагы 300 адамдын көзүнө акысыз операция жасалган.