Жаңылыктар
Ош: аскер шаарчасындагылардын ден-соолукту чыңдоо маселеси чечилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: аскер шаарчасындагылардын ден-соолукту чыңдоо маселеси чечилди

Ош шаарындагы №11 аскер шаарчасындагылардын ден-соолукту чыңдоо маселеси чечилди. 

Аталган шаарчада аскер бөлүктөр ар бири өздөрүнүн спорт залында машыгып келсе, эми баарынын башын бириктирген комплекс ачылды. 

Имараттын ачылуу аземи салтанаттуу белгиленип, иш-чарага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышты. 

"Газпром Кыргызстан" ишканасы дагы 16 ден-соолукту чыңдоо имарат курууга аракет кылып жатканы айтылды. 

Өткөн жылы ушундай эле комплекс Кара-Суу районунда ачылган эле. 

Ал эми Президент Алмазбек Атамбаев ушул эле иш сапарында Кызыл-Кыя шаарындагы дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ачылыш аземине катышты.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио, Ош