Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, аталган көчөнүн узундугу 2 чакырымдан ашуун болсо, кеңдиги 14 метрди түзөт.
Курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда.