Жаңылыктар
Бишкекте көмүрдүн баасы туруктуу, тартыштык жок
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте көмүрдүн баасы туруктуу, тартыштык жок

Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Бишкекте көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында айланма жолдо жана Мурмонская көчөсүндө кара алтынга мониторинг жүргүзүлгөн. Ага ылайык, кызмат баалар туруктуу экенин билдирди. Кара-Кече көмүрү 5500 сомдон сатылууда. 

Казакстандын Каражыра менен Шабыркүл кара алтыны 6 миң сомдон бааланууда. Мониторингдин жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы сатуучуларга керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, наркты негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.