Жаңылыктар
Исхактын үй-бүлөсүнө 3 бөлмөлүү батир берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Исхактын үй-бүлөсүнө 3 бөлмөлүү батир берилди

Картондо уктап, коомчулуктун көңүл борборуна алынган үч жаштагы Исхактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди.

Бул тууралуу наристенин апасы Зульфия Усенова билдирди. 

Бардык шарты каралган батир президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен наристенин үй-бүлөсүнө белек катары ыйгарылды.

Өткөн айда Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтери даярдалганын, үч жашар Исхак бала бакчага барып, балдардын баарына жөлөк пул чегерилгенин билдирген.