Жаңылыктар
Ж.Кулубаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Ж.Кулубаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү менен жолукту

2023-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала айым менен жолугушту.Тараптар КР-ЕБ кызматташтыгынын абалын жана келечегин, үстүбүздөгү жылдын 2-3-июнунда Чолпон-Ата шаарында өткөн Европа кеңешинин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунун жана Европа кеңешинин президенти Ш.Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттыруу боюнча келечектеги пландарды талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев коопсуздук чөйрөсүндө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн, ошондой эле ЕБнин КРдагы долбоордук-программалык ишмердигин мындан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү максатында макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даярдыгын ырасташты.