Жаңылыктар
Дүрбөлөң түшпөңүз! Бул машыгуу!
Кыргызстан жаңылыктары
Дүрбөлөң түшпөңүз! Бул машыгуу!

3-октябрда, эртең мененки саат 10до, Бишкек менен Ош шаарында өзгөчө кырдаалдар учурунда жагдайды калкка кабарлоо тутуму текшерилди. 5 мүнөт катуу добуш менен сиреналар иштеп, дал ушул жабдуунун түрдүү жагдайга канчалык деңгээлде даяр экендиги текшерилди. Иш-чарага мамлекеттик мекемелер, мектеп менен ЖОЖдор жана менчик экендигине карабай бардык ишканалар катышты.

Машыгуу - өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандар өзүн туура алып жүрсө жана адам өмүрү сакталса, материалдык чыгымдар аз болсо деген максатты көздөйт. Иш-чара 5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулду.