Жаңылыктар
Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча Борбор Азияда экинчи орунга чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча Борбор Азияда экинчи орунга чыкты

Бул маалыматты британиялык Cable.co.uk порталы жарыялады. Борбор Азияда интернет ылдамдыгы боюнча 1-орунда Өзбекстан, 2-орунда Кыргызстан турат. Андан кийин Казакстан жана Түркмөнстан. Ал эми Борбор Азиядагы эң жай интернет Тажикстанда. Ал эми дүйнөлүк рейтинг боюнча, эң ылдам кең тилкелүү интернетке ээ болгон алдыңкы 5 өлкөнүн катарына Жерси аралы, Лихтенштейн, Макао, Исландия жана Гибралтар кирди. эң жай интернет Ооганстан, Йемен, Сирия, Чыгыш Тимор жана Экватордук Гвинеяда. 

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын алыскы айылдарына жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болору айтылган. Планга ылайык, 2024-жылга карата өлкө боюнча 213 конушта 1600дөн ашык социалдык объектилер туташтырылат. Жалпысынан 4 миң социалдык объекти камтылат.