Жаңылыктар
Бишкекте 50 миңден ашуун окуучу ӨКМдин симуляциялык машыгуусуна катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 50 миңден ашуун окуучу ӨКМдин симуляциялык машыгуусуна катышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кырсык тобокелдигин азайтуу күнүнүн алкагында симуляциялык машыгууларды өткөрдү. Бул күн Кыргызстанда жыл сайын 5-октябрда белгиленип келет. Бүгүн саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек жана Ош шаарларында 5 мүнөткө сиренанын үнү жаңырып турду. Мындан тышкары, КР ӨКМдин кызматкерлеринин жана ЮНИСЕФтин ыктыярчыларынын колдоосу менен Бишкек шаарындагы 39 мектепте өзгөчө кырдаалдар маалында машыктыруучу эвакуациялоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.

«Мындай көнүгүүлөр мектеп окуучуларына өзгөчө кырдаалдар учурунда туура аракеттенүүнү үйрөнүүгө жардам берет. Алар коопсуз жерлерди жана эвакуация жолдорун билүү жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн кандай чараларды көрүүнү үйрөнүшөт”, - деп белгиледи КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башкы адиси Жылдыз Кудайбергенова.

Мектептердин ар кандай өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жакшыртуу үчүн билим берүү уюмдарында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Жол картасынын алкагында ЮНИСЕФ 10 жылдан ашык убакыттан бери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кызматташып келатат.Акыркы үч жылда Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым ай коому менен биргеликте ЮНИСЕФтин колдоосунун алдында өлкө боюнча 1,7 миңден ашуун мектепте маалымат берүүчү лекциялар жана симуляциялык машыгуулар өткөрүлдү. Бул окуулар Жапон өкмөтү каржылаган “Коопсуз мектеп” долбоорунун алкагында өткөрүлүп келүүдө. Окуулар өзгөчө жана кооптуу кырдаалдарда коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу максатын көздөйт.