Жаңылыктар
Таластын төө буурчагы 18 өлкөгө экспорттолууда
Экономика
Таластын төө буурчагы 18 өлкөгө экспорттолууда

Талас облусунун төө буурчагы дүйнөнүн 18 өлкөсүнө экспорттолууда. 

Тагыраак айтканда сыртка сатылган тушүм 23 миң 800 килограммга жетти. 

Учурда кабыл алуу жайларында төө буурчактын бир килограммы 60 сомдон бааланууда. 

Бул былтыркы жылдагы баадан кыйла жогору экенин адистер белгилешүүдө.

Төөбуурчак өстүргөң дыйкандардын быйылкы  жылдагы мээнети акыбетин берди. 

Учурда жыйналган тушүмдү кабыл алуу жана  сорттоо жумуштары жүрүп жатканын адистер билдиришет. 


Кадыр Калилов, "Биринчи радио"