Жаңылыктар
Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Бул жылы Кыргыз Республикасы КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.