Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы мектептер арасында кароо сынактын жыйынтыгы чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы мектептер арасында кароо сынактын жыйынтыгы чыкты

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата Бишкек шаарындагы мектептер арасында кароо сынактын жыйынтыгы чыкты. Жаздан бери агартуучулар мыкты мектеп, мыкты мугалим, мыкты класс жетекчи жана мыкты тарбиячы номинациялары боюнча “Жүрөгүм менин балдарда” аттуу ураандын негизинде сынактан өтүшкөн. 

Бүгүн сынактын жыйынтыгы чыгып жеңишке жетишкен агартуучулар 150 миң, 130 миң жана 100 миң сомдон акчалай сыйлыктарын жана мэриянын ардак грамотасын, ыраазычылык кат, кол сааттарын алышты. Сынакка жалпысынан Бишкек шаарында 103 мектептин бардыгы катышкан.