Жаңылыктар
Диний сөздөрдун жазылуусуна мүмкүндүк бербеш керекпи?
Дин
Диний сөздөрдун жазылуусуна мүмкүндүк бербеш керекпи?

Ысык-Ата жана Токтогул райондорундагы айылдардын  кире беришиндеги  керегеде жазылган "Лаа илааха иллаллох Мухаммадур Расулуллох" деген сөздөр коомдук  талкууга түштү. Мындай көрүнүштөн кооптонбогон жарандар да бар. Бирок, светтик мамлекетте коомдук жайларда  диний багыттагы сөздөрдүн жазылуусуна мүмкүндүк бербеш керек деп тынчсыздангандар четтен табылууда.  

Ысык-Ата айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын  милдетин аткаруучу  Марат уулу Урмат  айылдын босогосундагы кереге   жергиликтүү элдин суранычы менен  тургузулгандыгын айтып, анын артында эч кандай диний максаттар көздөлбөгөн деп билдирди. Ушундай эле көрүнүш Токтогул районунун Үч- Терек айылында да кездешкен. 

Араб тилинде жазылган ал сөздөр, куш келиңиздер, сапарңыздар  байсалдуу болсун деген сөздөр менен алмаштырылган. Токтогул районунун акими Майорбек Стамкулов эл мындай жазуулар светтик мамлекеттин эрежелерине  туура келбестигин билген эмес деп кошумчалады. 

 Өлкөдө буга чейин да бир канча жерлерде араб тилинде жазылган көрүнүштөр орун алгандыгын айткан дин иштери боюнча көз  карандысыз экспрет  Жакшылык Борочоров мындай  учурларды ар тараптан изилдөөгө  алуу  керек деп эсептейт. Буга  диний билимдин  жоктугу да себепчи болушу мүмкүн. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын  аналитика бөлүмүнүн башчысы  Гүлнас  Исаева Кыргызстанда баардык диндерге  бирдей  мамиле болорун, эч бир динге артыкчылык  берилбесин белгилеп,  бирок светтик  мамлекетте дин багытындагы сөздөрдү коомдук жайларда   каалаган жерге, каалагандай жаза берүүгө  болбостугун айтты.

 Белгилей кетсек, Кыргызстанда дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын  концепциясы иштелип чыккан. Эксперттер коомдун динге болгон мамилесин  өзгөртөбүз десек анда агартуучулук иштерди алып барышыбыз керек деп белгилешет. Учурда Кыргызстанда расмий каттоодо турган 2904 дин бар. Кыргызстандын Баш мыйзамында дин мамлекеттен ажыратылган.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"