Жаңылыктар
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт

Мунай продуктыларды Казакстан аркылуу Кыргызстанга өткөрүү боюнча маселе жок, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт. Мындай маалыматты «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди. 2023-жылдын 4-октябрында Астана шаарында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору менен «Казакстан темир жолы» башкармалыгынын Төрагасынын жолугушуусу болуп, анда жүк ташууну уюштуруунун актуалдуу маселелери талкууланып, 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча жүк ташуунун көлөмү көбөйгөнү белгиленген. 

Ошондо, өлкөлөр ортосунда темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10% га өсүп, 4 млн тоннаны түздү. Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга транзит 11% га, 2,6 млн. тоннага чейин өскөн. Казакстандан Кыргызстанга экспорт 1,5 млн. тоннаны түзүп, 16% га көбөйдү.Тараптар Казакстандын аймагы аркылуу биринчи кезекте социалдык-маанилүү мүнөздөгү жүктөрдү толук көлөмдө транзит менен өткөрүү боюнча биргелешкен ташуулардын пландарын макулдашышты.

2023-жылдын октябрына карата «Казакстан темир жолы» 144 миң тонна көлөмүндөгү мунай продукциясынын транзит көлөмүн макулдашты. Ошол эле учурда 24,5 миң тонна мунайзат Кыргыз Республикасына жолдо бара жатат. 

Ошентип жолугушууда Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзиттик жүктөрдү өткөрүү, анын ичинде мунай продуктылары боюнча көйгөйлүү маселелер жок экендиги белгиленди. Белгилей кетсек, Казакстан Республикасынан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын транзити токтотулду деген маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт, Кыргызстандын рыногунда мунайзаттардын тартыштыгы пайда болот деген кооптонуулар негизсиз.