2023-жылдын сентябрь айында Мамлекеттик бажы кызматы 10,7 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Белгиленген план 111,4%га аткарылды же 1,1 млрд сомго көп чогултулду.
2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу түшүүлөр 2,6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 132,5%ды түздү. 2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 73,4 миллиард сом өлчөмүндө белгиленген. 2023-жылдын 9 айында бажы кызматы 79,4 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган.
План 108,2%га аткарылды же 6 млрд сомго көп чогултулду. 2022-жылдын 9 айына салыштырмалуу түшүүлөр 26,6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 150,2%ды түздү.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 9 айында 2022-жылдын 12 айына караганда көбүрөөк чогулткан (2022-жылы 74,3 млрд сом чогултулган).