Жаңылыктар
Кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынды
Кыргызстан жаңылыктары
Кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынды

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынды. Мындай маалыматты УКМК билдирди. “Blonder pub” эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн. 

Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жана анын жансакчысы жок кылынды. Дарыгерлер Көлбаев октон алган жаракатынан каза болгонун тастыкташты. УКМКнын кызматкерлеринен жана карапайым тургундардан жабыркагандар жок. Атайын кызмат уюшкан кылмыштуулукка каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп, кылмышкерлердин түрдүү чөйрөлөрдөгү таасирин жоюу боюнча ищ-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келет. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө. Ошондой эле Көлбаевдин «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздары боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.