Жаңылыктар
Октябрда 144 миң тонна мунай ташылып келет
Кыргызстан жаңылыктары
Октябрда 144 миң тонна мунай ташылып келет

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт. Аны Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташып өткөрүү боюнча дагы маселе жок. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги менен “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы расмий билдирди. Октябрь айынын ичинде 144 миң тонна мунай затын өлкөгө алып өтүү тууралуу макулдашуу бар.