Жаңылыктар
Баткенде жаңы застава ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жаңы застава ачылды

Президент Алмазбек Атамбаев Баткенге болгон сапарынын алкагында Чоң-Кара айылындагы заставанын ачылыш аземине катышты. 

Мамлекет башчы өз сөзүндө чек арачылар менен сыймыктанаарын айтып, айрым саясатчылар бир кампа башчысынын жосунсуз жоругунан улам бардык чек арачыларды каралап жатканын билдирди. 



Президент Атамбаев ошондой эле куралдуу күчтөр тармагында жасалып жаткан реформалар өз жемишин берип жатат деди. Аскерде кызмат өтөө азыр сыйга татып жатканын жана ар бир үчүнчү аскер жогорку билимге ээ экендигин айтты. 

Азыр аскер кызматкерлери техникага ээ болуп, курал-жарак менен камсыздалып, жетиштүү айлык акы алып жатат. Мамлекет аскерден эч нерсе аябашы зарыл, деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев. 

Иш-чаранын соңунда президент Баткен облустук чек ара бөлүмүнүн башчысы Уларбек Шаршеевге 200 миң сомдук сертификат тапшырды.