Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды

Кечээ, 4-октябрда Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 07:31де катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга чейин жеткен.

Жер титирөө Нарын районунун Ак-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.