Жаңылыктар
Бишкекте 21 көчөнүн тротуарларын оңдоо иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 21 көчөнүн тротуарларын оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкекте учурда кошумча капиталдык тизмеге ылайык 21 көчөнүн тротуарларын оңдоо иштери жүрүүдө. 7 объектиде асфальт төшөлө баштады, экөөндө тротуар толугу менен бүткөрүлүп, 12 көчөдө курулуш иштери аяктоо алдында турат. Белгилей кетсек, бардык тротуарларга асфальт мындан дээрлик 30 жыл мурун төшөлгөн. 

Ушул жуманын ичинде дагы курулуш иштерин кээ бир объектилерде аяктоо пландалууда. Мэриянын маалыматы боюнча, Абдрахманов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин батыш тарабынан асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери толугу менен бүткөрүлдү. Л.Толстой көчөсүндө Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейинки бөлүктүн түштүк тарабынан жан жугуштуу оорулар ооруканасы менен Панфилов көчөсүнө чейин асфальт төшөлдү. Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейин жаңы тротуар салынды. Исанов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин чыгыш тарабынан асфальт төшөлүп бүттү. Мывндан тышкары дагы бир несче көчөдө тротуарды капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүлүүдө.