Жаңылыктар
Эки милиция кызматкери иштен алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Эки милиция кызматкери иштен алынды

Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери мас абалда кызматтык автоунаада жүргөнү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, эки милиционер иштен кеткенин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Муну менен катар Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилерине тартиптик чара колдонулду. 

Эскерте кетсек, Бөкөнбаев айылында эки кызматкердин кызматтык машинеде ичимдик ичип отурган деген видео интернетте тарап, социалдык тармактарда кызуу талкуу, сынга кабылган. ИИМ кызматтык иликтөө башталганын билдирген.