Жаңылыктар
Сардана Трофимова коло байге алды
Кыргызстан жаңылыктары
Сардана Трофимова коло байге алды

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында жеңил атлетика, анын ичинде марафон боюнча жарыштар өттү.

Кыздар арасында марафон дициплинасында Кыргызстандан Сардана Трофимова коло байгеге ээ болду.

Спортчу 2 саат :28минута 41секундада келип, 17 спортчунун арасында 3-орунга ээ болду. Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.