Жаңылыктар
Стамбулдун тарыхый “Халич кысыгы” укмуштуудай жаңы дүйнөнү тартуулайт
Дүйнө
Стамбулдун тарыхый “Халич кысыгы” укмуштуудай жаңы дүйнөнү тартуулайт

Кубаттуу Босфордун кире бериши жана Тарыхый жарым аралдын бир бөлүгү болгон “Халич кысыгы” жайгашкан Халич району Стамбулдун эң кооз жерлеринин бири десек болот. Халич бир кезде Осмон жана Чыгыш Рим империяларынын соода флоттору байланган маанилүү порт болгон. Учурда бул район Стамбулдун миң жылдык тарыхын өзүнө камтыган мечиттери, чиркөөлөрү, синагогалары жана тарыхый мектептери менен көп маданияттуу түзүлүшкө ээ.

Халичтин жээгиндеги 600 жылдык верф имараттарынын өзгөрүшү менен бул аймак шаардагы жаңы маданий магнитке айланды. Анткени, Стамбулдун популярдуу күзгү иш-чарасы Contemporary İstanbul ушул аймакта өтүп жатат. Дүйнөнүн заманбап искусствосунун эң сонун үлгүлөрүн көрсөткөн Contemporary İstanbul иш-чарасы жергиликтүү жана эл аралык галереяларды, искусство мекемелерин, жаңы демилгелерди жана сүрөтчүлөрдү бириктирет. 28-сентябрдан 1-октябрга чейин искусство ышкыбоздору менен жолугушкан иш-чара искусство чөйрөсүндөгү эң сонун чыгармаларды көрүү, тарыхый өнөр жай аймагынын өзгөрүшүнө күбө болуу жана Халичтин кооз жээгинен ырахат алуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.


Пьер Лоти Хилл: Халичтин кооздугунан ырахат алыңыз.

Тарыхый жарым аралда Пьер Лоти Хилл абдан белгилүү жер. Француз жазуучусу Жюльен Виодун каймана атынын аталган Пьер Лоти Хилл укмуштуудай көрүнүштөрдү жана 19-кылымдан бери сүйүү менен сакталып келген байыркы Стамбул архитектурасынын коллекциясын сунуштайт. Бул кооз дөбөгө чыгуу менен Стамбулдун чыныгы кереметин көрө аласыз. Пьер Лотиге түздөн-түз асма унаа менен же тепкич менен көтөрүлүүгө болот. Андан соң чокудан туруп, күн баткандан кийинки Халичтин укмуштуудай көрүнүшүн көрөсүз. Ошондой эле, ал жерден жакын адамдарыңыз менен чай үстүндө сырдашып, ырахат алсаңыз болот...