Жаңылыктар
Бишкекте тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.Муниципалитеттен билдиришкендей, Абдрахманов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейинки бөлүгүн батыш тарабына узундугу 980 метрди түзгөн асфальт төшөлдү.

Медеров көчөсүнүн түштүк тарабына Панфилов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки 820 метр жерге асфальт төшөлүп, түндүк тарабына лоток жана бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Лев Толстой көчөсүнүн түштүк тарабына Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин узундугу 1100 метр жерге, ошондой эле Абдрахманов көчөсүнүн батыш тарабына Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин 980 метр асфальт төшөө иштери аяктады.

Исанов көчөсүн бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Киев көчөсүнө чейин чыгыш тарабына жана Фрунзе көчөсүнө чейин батыш тарабына асфальт төшөлүп бүттү, ал эми чыгыш тарабында Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин сугат лотокторун, бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Бул багыттагы иштер улантылууда.