Жаңылыктар
Бишкек жана Чүйдө 12-13-октябрда жолдор убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек жана Чүйдө 12-13-октябрда жолдор убактылуу жабылат

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 2023-жылдын 12-13-октябрь күндөрү унаа кыймылы үчүн мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, чектөөлөр 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлкекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу киргизилмекчи.

Төмөндө чектөө киргизилчү көчөлөрдүн тизмеси:

— Манас Эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;
—Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
— “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин;
— Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин.

ЖКККББ жалпы айдоочуларды мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууга жана жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.