Жаңылыктар
Бишкекте тротуар төшөөгө тоскоол болгон объектилер демонтаждалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте тротуар төшөөгө тоскоол болгон объектилер демонтаждалды

Бишкекте тротуарларды курууга тоскоол болгон объектилерди масштабдуу түрдө демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Матросов жана Самачин көчөлөрүнүн боюнда болжол менен 6 жеңил объект демонтаждалган, мындан тышкары, дагы 5 объектти демонтаждоо пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлерине өз ыктыяры менен демонтаждоо жөнүндө эскертүүлөр берилген, бирок берилген эскертүүлөр боюнча 2 объект өз ыктыяры менен демонтаждалган.