Жаңылыктар
Кыргызстанда 440,3 миңден ашуун бала кызамыкка каршы эмдөөдөн өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 440,3 миңден ашуун бала кызамыкка каршы эмдөөдөн өттү

Өлкөдө жүргүзүлгөн кызамыкка каршы эмдөө өнөктүгүнүн алкагында 440 миң 343 бала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч максаттуу топтун 76%ын түзөт. Кампаниянын алкагында эмдөө статусуна же буга чейин кызамык жана кызылча оорусу менен ооруганына карабастан 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар эмдөөдөн өтүштү.

"Азыркы учурда эмдөө уланууда. ҮМБ/ҮДТ/ФАПтардан жана мектептердеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан балдарды акысыз эмдетүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.