Жаңылыктар
Азия Оюндарында намыска жарап беришти
Кыргызстан жаңылыктары
Азия Оюндарында намыска жарап беришти

Сүйүнчү! Балбан кызыбыз Айпери Медет кызы Ханчжоу шаарында өтүп жаткан 19-Азия оюндарында алтын медаль тагынып, ал эми дагы бир балбаныбыз Нурзат Нуртаева күмүш медалдын ээси болду. Ошондой эле Кыргызстандын каратэ спортунун тарыхындагы алгачкы күмүштү Адилет Шадыканов жана коло медалды Назим Нурланов тагынышты.

Азия оюндарында финалдык беттешке чыккан сыймыктуу балбандар Айпери Медет кызы, Нурзат Нуртаеванын килем үстүндөгү күрөшүнө күйөрмандык кылуу үчүн өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов менен бирге маданият жана спорт тармагынын бир топ өкүлдөрү келишти. Күрөштү УТРК Спорт каналы түз эфирде алып көрсөтүп турду. 

Балбан Айпери Медет кызы алтын медаль үчүн таймашта коңшу Казакстандык спортчу менен килемге чыгып, аны 7:4 эсебинде жеңип, чемпион аталды. Муну менен балбан кыз өлкө куржунуна Азия оюндарындагы төртүнчү алтынды алып келди.

Алтын медаль үчүн күрөшкө балбан кызыбыз Нурзат Нуртаева да чыгып, кытайлык атаандашы Фенг Жу менен беттеште экинчи орунду алып калды. Ошондой эле бүгүн Айсулуу Тыныбекова атаандашын жеңип коло медалды багынтты.