Жаңылыктар
Баткен: Чек ара айылдары калыбына келди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: Чек ара айылдары калыбына келди

Баткен районунун Достук айылында бир жыл аралыгында 70ке жакын жаңы үй курулуп, ээлерине тапшырылды. Аны менен катар социалдык объектилердин курулушу да аяктап, жакынкы айларда 100 орундуу мектеп пайдаланууга берилгени жатат. Бул курулуштар өткөн жылдын сентябрь айындагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кийин кайра калыбына келтирүү иштеринин алкагында жүрдү. 

Толугу менен өрттөлүп, талкаланган айылдын ордуна жаңы айылды түптөө тапшырмасын өлкө башчысы берген болчу. Ал арада айылдын ички жолдору асфальтталып, элет турмушу өз нугуна түшүүдө.