Жаңылыктар
Ипотекага курулуп жаткан үйлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Ипотекага курулуп жаткан үйлөр

2026-жылга карата «Менин үйүм” программасынын алкагында 50 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда. Бул үчүн мурдагыдай сатыкта турган батирлер же, үйлөр эмес, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлар берилип баштайт. Мындай максатта ушул тапта мамлекет бир эле учурда бир канча курулуштарды баштаган.

Кыргызстанда акыркы эки жылда курулуш доору келди деп айтсак болот. Мектеп, бала бакча, спорт комплекстеринен баштап, аэропорт, административдик жана маданий имараттар ооруканалар биринен сала экинчиси салынып, курулуш бардык тармактарда күч алды. Ал арада тизменин сап башында турган жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында курулуп жаткан объектилерди Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кыдырып чыкты.

Ипотекалык негизде бериле турган имараттардын эң эле ириси мурдагы 47-түзөтүү колониянын ордуна салынып жаткан курулуш. Бир эле учурда 5 миңден ашык үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуучу объектиде жалпы жонунан 24-28 жана 18 кабаттуу болгон 39 үй тургузулат. Ушул тапта биринчи этаптагы курулуш иштери белгиленген мөөнөттөн эрте кетип жатат.

Курулуштун биринчи этабына киргизилген 11 үйдүн каркасы жылдын аягына чейин толук бүткөрүлөт. Күн сууктагандан кийин усталар имараттын ичин жасалгалоого киришет. Ошондо 2024-жылдын май айында 18 кабаттан турган 11 үй толугу менен даяр болот.

Жалпы аянты 9 гектарга чукул болгон кичи районго долбоор боюнча көп кабаттуу үйлөрдөн сырткары бала бакча менен мектеп каралган. Базар баасынан бир канча эсе арзан бериле турган батирлер, ипотека аркылуу үй алууга кезеке тургандар кирип эле жашап калгыдай даяр болот.